Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVIII заседаниеси
2016-жылдын 19-февралы № 38/3
Кыргыз Республикасынын № 182 31-декабрь 2014–жылдагы Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган, КР салык кодексинин 337-339–беренелеринде көрсөтүлгөндөй жана КР Премьер Министри Т.Сариевдин 2016-жылдын 12-январындагы билдирүүсүнүн негизинде, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен, базалык ставкасын 3 эсеге чейин көтөрүүгө укук берилгендигин эске алуу менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин көбөйтүү максатында
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн салык кызматкери К.Мырзаеванын билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын № 182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган,КР салык кодексинин 337-339-беренелерине ылайык, өзгөртүү киргизилип, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен, базалык ставкасын 2016-жылдын 1-январынан баштап,0,25 эсеге көбөйтүүгө укук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын № 182 31-декабрь 2014 -жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган,КР салык кодексинин 337-339-беренесине ылайык киригизилип, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен,мурда эсептелип жүргөн салыктын көлөмүн,ушул токтомдо белгиленген эсеге көбөйгөндүгүн эске алып, 2016-жылдын 1-январынан баштап,кайрадан эсептеп жыйнап айыл өкмөтүнүн бюджетине чегерүү жагы салык кызматкери К.Мырзаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.
Үч-Төбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Э. Өмурзаков |