Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин кезексиз 17-сессиясы (5-шайланган) жыйналышы
2015-жылдын 15-июлу № 17/1
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын биринчи жарым жылга бюджетинин аткарылышынын абалы жана экинчи жарым жылына карата милдеттери жөнүндө
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясынын (5-шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ой-Тал айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын биринчи жарым жылга бюджетинин аткарылышынын абалы жана экинчи жарым жылына карата милдеттери жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Акматовдун маалыматы канаатандырарлык деп белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин экинчи жарым жылда аткарылышы боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө (М.Акматов), айыл башчыларына (Б.Ыбышов,Т.Апыев) жана тиешелүү мекеме-уюмдун жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык–экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ой-Тал айылдык кеңештин төрагасы |
М. Орунбеков |
| Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 17–сессиясынын (5-шайланган ) жыйналышынын 15.07.2015-жылдагы № 17/1-токтомуна тиркеме |
Урматтуу депутаттар! Ой-Тал айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын биринчи жарым жылга бюджетинин аткарылышынын абалы боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө ээ болдук.
2015- жылга айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүндө индикативдик план боюнча 470 т.эт, 12 т сут, 20400 даана жумуртка жана 17.5 т жүн пландалган болсо жарым жыл ичинде эт 289 ц , сүт болсо аткарылганы 400 л, 20 400 даана жумуртка, болсо аткарылганы 10 400 даана, 17.5 тонна жүн өндүрүү планга койулуп,жарым жылдын жыйынтыгы менен койулган план толугу менен аткарылган.
Айыл өкмөтүндө негизги тармак болгон мал чарбасын өнүктүрүүдө малдын башын көбөйтүүгө көп көңүл буруп келет. Салыштырмалуу 2014-жылга ири мүйүздүү малдын башы 1636 баш болсо, 2015-жылдын 1-январына карата 1702 баш болуп же болбосо малдын башы 66 башка, кой эчки 2014-жылда 6686 баш болсо, 2015–жылдын 1-январына карата 6731 баш болуп же болбосо 45 башка, жылкылар боюнча 2015-жылдын 1-январына карата 1218 баш болуп 43 башка көбөйгөн.
Ал эми Ой-Тал айыл өкмөтү боюнча 2015-жылга юридикалык жер салык 11306 миң сом байланган болсо, аткарылганы 6000 миң сом, физикалык жер салык 22000 сом болсо, аткарылганы 11500 сом, транспорт салыгы 67000 сомго байланган болсо 8445 сомго аткарылган, кайра бөлүштүрүү фондусунун жеринен 83215 сом болуп байланса, 70000 миң сомго аткарылган, айыл чарбага багытталбаган жер салыгы 2600 сомго байланса, толугу менен аткарылган, таштандыларды чыгаруу салыгы 27000 сомго байланса, жарым жылга план толугу менен аткарылган.
Ой-Тал, Кондук айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына 350 000 миң сомдук жалпы элдик салымдын негизинде эстелик тактайчалары орнотулду
Айыл өкмөтүнө МЧС тарабынан Ой-Тал жана Кондук айылдарына дамбаларды бүткөрүштү. Ой-Тал айылына караштуу Сай участкасына дамбага 456000 миң сом, Кондук айылына 501000 сом, жалпысынан 957 миң сомдук жумуштар аткарылган.
Ишкердүүлүктү өнүктүрүүдө атуулдарга донор уюмдардан кредит алууга жакындан жардам берилүүдө. Алты айдын ичинде 5 атуул «Айыл банктан» 1 млн. сом өлчөмүндө, 60 адам 3 млн. сом өлчөмүндө микро кредит, РСК банктан 2 адам 400 миң сом өлчөмүндө кредит алышып, алынган кредиттерин максаттуу пайдаланышты.
2015-жылдын экинчи жарым жылына төмөнкүдөй инвестициялар тартылышы күтүлүүдө.
Республикалык түрткү берүүчү гранттан Ой-тал айыл өкмөтүнүн конторасын кайра курууга проект өткөрүлдү. Жалпы баасы 3 млн 130 миң сомду түзөт.
МЧС тарабынан Ой-Тал айылынын оорууканасынын суу ташкынынан тосууга 200 метр жерге 1 млн 200 миң сомдук каражатка дамба курулат.
Ошондой эле Кондук айылына чейинки 7 км жолду оңдоо жана 500 м жолду жаңы салууга 100 000 сомдук акча айылдык жеке демөөрчүлөрдөн топтолууда.