Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июлу № 17/2
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын отчету
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясынын (5- шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын отчету (С.Жунусов) канааттандырарлык деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары С.Жунусовго тапшырылсын.
Ой-Тал айылдык кеңештин төрагасы |
М. Орунбеков |
| Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 17–сессиясынын (5-шайланган ) жыйналышынын 15.07.2015-жылдагы № 17/2-токтомуна тиркеме |
Урматтуу депутаттар! Ой-Тал айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда 2014-жылы жергиликтүү коомчулуктун коомдук өз алдынча башкаруунун уюмдаштыруу чогулуштарында ар бир айылда «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун» башкармалыгы жана текшерүү комиссиялары бекитилген.
Натыйжада ар бир айылда курамы 11(он бир) адамдан турган башкармалыгы, жана курамы 3 (үч) адамдан турган текшерүү комиссиялары түзүлгөн.
Ошондой эле курамдары 5 (беш) адамдан турган ардагерлер Кеңештери, аялдар Кеңештери, жаштар уюмдары жана аксакалдар соттору айылдык ден соолук Комитеттери түзүлгөн.
Коомдук терс көрүнүштөрдү четтетүүдө жергиликтүү коомдук уюмдар, аксакалдар соттору менен иш жүргүзүү бир топ жакшы жолго коюлган. Алсак жарым жыл ичинде аксакалдар соту 6 арызды карап жеринде чечип беришкен.
Айылдарда түзүлгөн «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун» толук кандуу иштөөсү үчүн атайын айылдарда бөлмөлөр бөлүнүп берилип, бөлмөлөрү тиешелүү материалдар менен жабдылган. Азыркы күндө ар бир айылда түзүлгөн «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусу» өз укуктарына таянуу менен айылдык өкмөтүнүн деңгээлиндеги маселелерди жергиликтүү бийлик менен биргеликте чечүүнүн үстүндө иш алып барышууда.
Натыйжада айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамдуулуктун, укук тартибинин сакталышы канааттандырарлык десе болот.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мечиттер баардыгы атайын каттоодон өткөрүлүп, мечит имамдары менен биргеликте иштер жүргүзүлүп жатат. Айылдардагы калк арасында экстремизмге, деструктивдүү диний агымдардын өлкө ичиндеги коомдук турмушта тийгизген терс таасирлери жана алар менен күрөшүүнүн мааниси жөнүндө лекциялар өтүлүүдө. Айыл өкмөтүнөн райондун аймагында жана анын чегинен тышкары жакта диний билим алып жаткан жарандардын санын так аныктоо боюнча иштер аткарылды.
Бүгүнкү күнгө мындай бир да жаран жок экендиги аныкталды.
Айыл өкмөтүнө караштуу менчигинин түрүнө карабастан, мекеме уюмдардын эмгек жамааттары менен алардын чогулуштарына коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, имамдарды, укук коргоо органдырынын өкүлдөрүн катыштыруу менен экстремизм жана террорчулук маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүп турат.
Айылдык китепканаларда «Жаштар экстемизмге жана террочулукка каршы»,
«Радикализмге жана агрессияга жол жок» ж.б. аталыштагы буклет даярдоо менен калк арасында эксремизмге жана террорчулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүү жолго коюлууда.
Айылдарга келген даабатчылардын атайын уруксат кагаздары, өздөрүнө тиешелүү жарандык документтери такай текшерүүдөн өтүп турат.