Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин кезектеги 17-сессиясы (5- шайланган) жыйналышы
2015-жылдын 15-июлу № 17/3
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору Ысаков Муратбектин айыл өкмөтүнүн аймагында малдарды дарылоо жана профилактикалык жактан жүргүзгөн иштери жөнүндө
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясынын (5-шайланган) жыйналышы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ой-Тал айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору Ысаков Муратбектин айыл өкмөтүнүн аймагында малдарды даарылоо жана профилактикалык жактан жүргүзгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн ветеринардык кызматкерлери (М.Ысаков, А.Аманов):
-айыл өкмөтүнүн аймагына сырттан келген малдардын так эсебин алуу менен алардын эмдөөдөн өтүүсүнө катуу көзөмөл жүргүзушсүн;
-жайкы мезгилдерде жайлоолорду ар бир айда бирден кыдырып чыгууну колго алышсын.
3. Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин агрардык азык–түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ой-Тал айылдык кеңештин төрагасы |
М. Орунбеков |
| Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 17–сессиясынын (5- шайланган) жыйналышынын 15.07.2015-жылдагы № 17/3-токтомуна тиркеме |
Урматтуу депутаттар!
Айыл өкмөтүндө негизги тармак болгон мал чарбасын өнүктүрүүдө малдын башын көбөйтүүгө көп көңүл буруп келет. Салыштырмалуу 2014-жылга ири мүйүздүү малдын башы 1636 баш болсо, 2015-жылдын 1-январына карата 1702 баш болуп же болбосо малдын башы 66 башка, кой эчки 2014-жылда 6686 баш болсо, 2015–жылдын 1-январына карата 6731 баш болуп же болбосо 45 башка, жылкылар боюнча 2015-жылдын 1-январына карата 1218 баш болуп 43 башка көбөйгөн.
Бул ветеринардык иштердин талапка ылайык алынып барып жаткандыгынын белгиси катары түшүнсөк болот.
Алсак, малдарды жайлоого көчүрүү алдында малдар арасында шарп, кара сан жана бруцеллез ыландарына каршы эмдөөлөр толук жүргүзүлгөн.
Ал эми малдардан кан алуу бир аз аткарылган жок анткени буга малдардын алыскы жайлоолорго кетип икалышы себеп болду.
Айыл арасындагы оору жүгүзүучү жолбун ит мышыктар жок кылынды.
Алсак 67 жолбун ит мышык атылып тишелүү казылган чункурларга көмүлдү.
Айыл өкмөтүнүн аймагына сырттан келген малдардын так эсебин алуу менен алардын эмдөөдөн өтүүсүнө катуу көзөмөл жүргүзүлүп турду.
Ошондой эле биздин аймакга башка жактан келип мал багып кетип жаткандарга да талап катуу коюлууда.
Натыйжада өткөн жылга караганда малдар арасында жугуштуу оорулардын болушу бир кыйла төмөндөгөн.
Жайкы мезгилдерде жайлоолорду ар бир айда бирден кыдырып чыгуу жолго коюлган.