Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2015-жылдын 7-ноябры № XXV-2
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагынын Чечме-Сай айылындагы чоң чыңалуудагы электр энергиясынын аба чубалгылары жөнүндө Ноокат РЭТинин 2015-жылдын 06-ноябрында берген №115 каты жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагынын “Чайка” лагеринин (карамагында турган) чыгыш тарабындагы дарактар, жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы аба чубалгыларына тийип авариялык өчүрүүлөр көп катталып жатканын талкуулап, трансформаторлордун күйүп калуусунун алдын алуу максатында жана дарактар көп жылдык болгондуктан, сынып жолдон өткөн элдердин коопсуздугуна коркунуч келтиргенин, айыл тургундарынын арызын эске алып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат РЭТинин Кара-Таш айыл өкмөтүнө жолдогон каты аткарууга алынсын.
2. Дарактарды алдыруу боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн.
3. Керектүү иш кагаздары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.
4. Токтомду аткаруу Кара-Таш айыл өкмөтүнө башчысына, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы | А. Арынов |
Дарактарды алдыруу боюнча түзүлгөн комиссия курамынын тизмеси
МаматкуловТуратбай - айыл башчы комиссияын төрагасы
Эргешов Талантбек - а\кеңештин депутаты, катчысы
Колдошов Абсатар - а\кеңештин депутаты, мүчөсү
Кожоев Абдырайим–айыл тургуну, мүчөсү
Кенжебаев Жыргалбек–айыл тургуну, мүчөсү