Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2015-жылдын 7-ноябры № XXV-3
Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кара-Таш айыл аймагындагы 1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик аянтчасын тургузуу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушта мурунку Советтер Союзунун Фашисттик Германияга каршы күрөшүүдөгү орду айтып бүткүс. Ошол согушка Кара-Таш айыл аймагынан да 311 жоокерлер аттанып, анын 189у согуш талаасынан кайтпай калышкан. 2015-жылдын 9-майына карата 3 согуш ардагери ардактуу карылыкты кечиришүүдө. Согуш ардагерлери тууралуу ар жылы өткөрүлүүчү жеңиш күнүндө белгиленип, аларга болгон сый-урмат көрсөтүлүп келүүдө.
Бирок ошого карабастан айылдык кеңештин социалдык комитетинин төрайымы И.Исмаилова Улуу Ата Мекендик согуш такурман болгондорго эстелик тургузуу демилгесин көтөрүп чыккан. Ал демилгени бардыгы бир добуштан колдошуп, көзү өтүп кеткен ата-бабаларыбыздын арбагын сыйлоо ар бирибиздин милдетибиз экендигин эске алып алар үчүн эстелик аянтчасын тургузуу боюнча Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган 1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузуу демилгеси колдоого алынып, ишке ашырылсын.
2. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик аянтчасын тургузуу үчүн жер ажыратып берилсин.
3. Керектүү иш кагаздары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.
4. Токтомду аткаруу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилип, анын аткарылышы боюнча 14 күн аралыгында маалымат берилсин.
5. Көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы | А. Арынов |