Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2015-жылдын 7-ноябры № XXV-4
Кара-Таш айыл аймагындагы аксакалдар сотунун төрагасынын жеке өтүнүчүнүн негизинде аксакалдар сотунун курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Аксакалдар Соту–бүгүнкү күндө коомдогу ар түрдүү атай кетсек–үй-бүлөлүк чыр-чатактарды чечүүгө, зордук-зомбулукка кабылгандарга кеп-кеңеш берүүгө, коомдогу ар кандай ыксыз чыгымдарды кыскартуунун үстүндө иш алып баруучу уюм болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө аксакалдар сотунун төрагасы Мамытов Абдыманнаптын суранычы менен аксакалдар сотунун курамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча сунушталган. Ал сунушта айтылгандай көпчүлүк мүчөлөр өздөрү арыз менен кайрылып, башка иштей турган жаштарды мүчөлүккө кабыл алууга макулдугун беришкен. Алардын айтымында аксакалдар соту коомдо зор күч ойной тургандыгын баса белгилешти.
Аймактагы аксакалдар сотунун төрагасы А.Мамытовдун пикирин, мүчөлөрдүн сунушун эске алып аксакалдар сотунун курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактагы аксакалдар сотунун курамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Аксакалдар сотунун курамына С.Айтматова, Б.Маманова, А Исаевдер мүчө болуп бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу айыл өкмөт башчысына, анын аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Арынов |
Кара-Таш айыл аймагындагы аксакалдар сотунун төрагасынын жеке өтүнүчүнүн негизинде анын курамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, төмөнкү мүчөлөр бекитилсин.
Мамытов Абдыманнап -аксакалдар сотунун төрагасы
Абдраимов Сабир -мүчөсү
Осмонова Бактыгүл -мүчөсү
Абирова Элмира -мүчөсү
Маманова Ботокөз -мүчөсү
Мусаев Абдимажит -мүчөсү
Айтматова Санахаткан -мүчөсү