Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2015-жылдын 22-декабры № XXVI-I
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочулардын 2015-жылдын 12-февралында берген №03 арызында көрсөтүлгөн “Абу-Хурайра” мечитинин жер аянтын мыйзамдаштыруу жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Чайка” лагеринин (карамагында турган) чыгыш тарабында жайгашкан “Абу-Хурайра” мечити 1997-жылы курулуп, ушу күндө иштеп тургандыгын, Ноокат райондук Архитектура бөлүмүнүн берген маалыматын эске алып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочулардын 2015-жылдын 12-февралында берген №03 арызы канааттандырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Абу-Хурайра” мечитинин жерине айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жеринен 0,05 га жер аянты кошулуп берилсин.
3. Керектүү иш-кагаздары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Арынов |