Редакцияот 02.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы кезектеги I сессиясы

 

2016-жылдын 2-февралы № 1/4

«Кыргызмамжердолбоор» жана айыл өкмөтүнөн түзүлгөн жумушчу топтун түзгөн, эки айылдын чек арасынын картасын бекитүү жөнүндө

Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргызмамжердолбоор» долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Учкун айыл аймагынын Учкун калктуу конушунун жалпы аянты 392га, Куланак калктуу конушунун жалпы аянты 345 гектарды түзүп, калктуу конуштарынын чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин.

2. «Кыргызмамжердолбоор» долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Учкун айыл аймагынын калктуу конуштарынын жалпы жер аянтын аныктоо жана жерлерин инвентаризациялоо жумуштары жазалган материалдарына жана тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.uchkun.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Учкун айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Осмоналиев