Редакцияот 20.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы кезектеги III сессиясы

 

2016-жылдын 20-февралы № 3

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат абалын кароо боюнча

Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Учкун айылдык Кеңеши райондук администрациясынын көрүлгөн чараларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренесин жетекчиликке алуу менен бирге,  Жетиген Мокеевдин ээлеген кызмат ордун мыйзамга ылайык чечүү жагын ишенбестик келтиргендигибиз менен райондук администрацияга билдиребиз.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.uchkun.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттин реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Учкун айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Осмоналиев