Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 8-отурумунун (сессиясы)
2016-жылдын 18-февралы № 8-1/2
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетин бөлүүдө, айлдык Кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы Кеңештин караоосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин 5 пунктуна ылайык депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга 2554,5 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнүүсү зарыл.
- 60000 сом Айыл аймагына караштуу айылдардын картасын чыздырууга
- 24000 сом Күнгөй-кожоке айылынын үстүндөгү сел канадан чыккан лотокторду
калыбына келтирүү кызмат акысына
-150000 сом Жар-Коргон ФАПтын долбооруна сметасын, АПЗ сын даярдоого
- 114000 сом Долбоорлорду даярдаганга
- 300000 сом Көк-Бел оору канасынын долбоорун даярдоого
- 186500 сом Эпзотикалык абалды туруктуу кармоо үчүн
- 158000 сом Тазалык ишканасына (ЧУБАК)
- 50000 сом Ж-коргон айылынын Федоров каналын тазалатууга
- 50000 сом Чеч-дөбө айылындагы Кара-Бадал арыгын тазалоого
- 250000 сом Кожеке,Жаңы- базар,Байыш айылдарынын ички арыктарына
- 62000 сом Күнгөй- кожеке айылын ички арыктарына
- 80000 сом Кожеке айылынын мектебине, бакчага жана А.Кудайбердиев
көчөсүнө таза суусун киргизүүгө
- 800000 сом Жар- коргон жана Чеч-дөбө айылдарынын таза суусуна
- 150000 сом Чеч-дөбө айылындагы скважинаны оңдоого
- 40000 сом. Байыш айылынын борбордук жолун жарыктандырууга
- 80000 сом Жаңы-базар айылына чубалгыларды тартууга
2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Н. Исанов айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ж. Нурмаматов |