Редакцияот 18.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 8-отурумунун (сессиясы)

 

2016-жылдын 18-февралы № 8-2

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин төрагасынын бөлмөсү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин атайын бөлмөсү жок болгондуктан алар Айыл Кеңешинин 6-отурумунун күн тартибиндеги 2-маселеге коюлуп карап чыгып жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдарына шайкеш келген 25-беренесин 1-2 пунктарына ылайык Н.Исанов атындагы айыл окмөтүнүн 2-кабатындагы Аскер учет кызматкерлеринин жанындагы бир бөлмөнү берүү жөнүндө айыл кенеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин атайын бөлмөсү жок болгондуктан айыл өкмөтүнүн 2-кабатындагы Аскер учет кызматкеринин жанындагы

кичи бөлмө берилсин.

- Айыл кеңешинин берилген бөлмөлөрдүн ички тышкы жасалгалоо иштерин айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Ботобаевга тапшырылсын.

- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл кеңешинин төрагасынын орун басары И.Маматовко жүктөлсүн.

 

Н. Исанов айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Нурмаматов