Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
2016-жылдын 19-январы № 19/2
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын атайын каражаттардын эсебин аткаруудагы 2016-жылдын башында бош калган каражатынын эсебинен айыл өкмөттүн ички чыгымдарын жабуу жөнүндө
«Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015 -жылдын атайын каражаттар эсебин аткаруудагы 2016-жылдын башында бош калган каражатынын эсебинен айыл өкмөттүн ички чыгымдарын жабуу жөнүндө» айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015- жылдагы бюджетин аткарууда 2016- жылдын башында бош калган акча каражаттарды, төмөнкү статьяларларга кошумча чыгымдоо жагы бекитилип берилсин.
Бала-бакчага.
1.22141100 Көмүр алуу үчүн 18664,00
Мамлекеттик кызматка;
2.22154900 Ар кандай каражат учун 145,45
Баары 18809,45
2. Кошумча бөлүнүп берилген айыл өкмөттүн эсепкорундагы бош калган акча каражаттарын максатка ылайык чыгымдоо жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи М.Исраиловага милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Н. Керимкулов |