Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХХ сессиясы
2016-жылдын 25-февралы № 20/2
Талаа-Булак айыл аймагынын 2016-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдын болжолдуу бюджетинин долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык, Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга айыл аймагынын бюджетинин чыгашалары алына турган тендештирүүчү гранттар жана жергиликтүү бюджетке түшө турган салыктар, кирешелер төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
Киреше бөлүгү
Ыктыярдуу түрдөгү патенттик салык 65,0 Жер салыгы физ. тараптан (огород) 136,1 Жер салыгы юридидикалык тараптан (дыйкан чарба) 525,1 Транспорт ээлеринен алынуучу салык 34,6 Атайын кызмат көрсөтүү салыгы (тазалык жыйым) 24,0 ФПСтин жеринин арендасы 32,4 Айыл чарба багытындагы эмес жер.алынуучу салык 8,0 Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык 4,4 Госпошлина 7,0 Административдик штраф 2,0 Сатуудан түшүүчү салык 11,0 Киреше салыгы (агенттер алынуучу салыгы) 703,0
Баары: 1662,6
Атайын каражат салыгы 330,0 Тендештирүүчү грант 5390,2
Жалпысы: 7382,8
Чыгаша бөлүгү
Эмгек акыга 3192,1 Эмгек акынын чегерүүсүнө 484,8 Телефон кызматына 30,0 Жабдуу алууга 67,2 Тамак аш каражатына (бала бакча) 621,0 Командировкалык чыгым 45,0 Транспорт каражатына 60,0 Көмүр үчүн 325,0 Ар кандай чыгымдарга 396,2 Мамлекеттик кызматчыларды окутуу чыгымдарына 34,0 Ремонт үчүн 70,0 Электро энергияга 1637,5 Оборудование алууга 90,0
Баары 7052,8 Атайын каражаттар 330,0
Жалпысы: 7382,8
2. Айыл аймагынын бюджетиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор боюнча сессияга сунушталып, айыл аймагынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн баардык түрлөрү менен толук аткарылышына чараларды көрүү, финансы бөлүмүнүн башчысына жана салык инспекторуна тапшырылсын.
3. Пландалган жер салыгынан ашык чогулган акча каражат айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтому менен тартыш статьяларга пайдаланылсын.
4. 2017-жылга айыл аймагынын бюджетинин болжолдуу долбоору жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2062,6 сом теңдештирүүчү гранттын өлчөмү 4897,8 сом
Жалпы киреше 6961,4 сом Чыгаша бөлүгү 6961,4 сом
5. 2018-жылга айыл аймагынын бюджетинин болжолдуу долбоору жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2187,6 сом
тендештирүүчү гранттын өлчөмү 5047,8 сом
киреше бөлүгү: 7235,4 сом
чыгаша бөлүгү: 7235,4 сом
6 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы экономика, бюджет жана салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Н. Керимкулов |