Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХХ сессиясы
2016-жылдын 25-февралы № 20/4
Талаа-Булак айыл аймагнын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2015-жылда жүргүзгөн иштери жана 2016-жылга карата бюджети, жайыт пайдалануу акысы жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2015-жылда жүргүзгөн иштери жана 2016-жылга карата бюджети, жайыт пайдалануу акысы жөнүндө Т.Ниязалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-пункутчасынын негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагнын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2015-жылда жүргүзгөн иштеринде алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата бюджети Киреше бөлүгү 529260 сом Чыгаша бөлүгү 529260 сом өлчөмүндө бекитилсин
3. Талаа-Булак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт башкаруу планын ишке ашыруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Ниязалиевге тапшырылсын
4. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата жайытты пайдалангандыгы үчүн жайыт акы төлөөнүн баасы
Уй-топос- бир баш үчүн 60 сом. Торпок-бир баш үчүн 42 сом. Жылкы-бир баш үчүн 60сом. Кой-эчки-бир баш үчүн 12сом өлчөмүндө бекитилсин. Сырттан келген малга эки эсе жайыт акысы төлөнүлөрү белгиленсин.
5. Талаа-Булак айыл аймагындагы төрт түлүк малды жайлоого көчүп конуусун 1. Дөң-Алыш айылы боюнча 2016-жылдын 1-май айына чейин, Дөң-Алыш айылынын тоо этегиндеги сарай-кашалардагы малдар 2016-жылдын 15-майына чейин,
Комсомол айылы боюнча 2016-жылдын 15-апрель айына чейин уюштуруу иштери жүргүзүлсүн.
6. Талаа-Булак айыл аймагындагы жайлоолордон эрте түшүп келип эгин талааларга кирген малдардан жана эгин талаалар чабылып бүтмөйүнчө 1-октябрга чейин көчүп келген мал ээлерине
1. жылкы ( башына): 200 сом өлчөмүндө айып
2. уй (башына): 200 сом өлчөмүндө айып
3. кой (башына) 50 сом өлчөмүндө айып
4. Көчүрүп келген техника ээсине : 5000 сом өлчөмүндө айып
5. Өз убагында көчүп кетпеген жана
эрте көчүп келген мал ээлерине
ар бир күнүнө : 500 сом өлчөмүндө айып белгиленсин.
7. Талаа-Булак айыл аймагынын Жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт акыларын жыйноо жана жыйналган акча каражаттарды өз багытында жумшоону жайыт комитетине милдеттендирилсин.
8. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата жайытты пайдалангандыгы үчүн жайыт акы төлөөнүн баасын, айыл аймагындагы жайлоолордон эрте түшүп келип эгин талааларга кирген малдардан жана эгин талаалар чабылып бүтмөйүнчө 1-октябрга чейин көчүп келген мал ээлерине, көчүрүп келген техника ээсине, өз убагында көчүп кетпеген жана эрте көчүп келген мал ээлерине ар бир күнүнө белгиленген айыптарды Кыргыз Республикасынын антимонополия агенттинин каттоосунан өткөрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Ниязалиевге милдеттендирилсин
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет жана салык, муниципалдык менчик жана жер айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсы
Тѳрага: | Н. Керимкулов |