Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
2016-жылдын 25-февралы № 20/5
“Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын 2015-жыл ичинде аткарган жумуштары, 2016-жылга карата бюджети жана калкты таза суу менен камсыз кылууда кызмат көрсөтүү акысы жөнүндө
“Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын 2015-жыл ичинде аткарган жумуштары, 2016-жылга карата бюджети жана калкты таза суу менен камсыз кылууда кызмат көрсөтүү акысы жөнүндө .ИСКАКБнын төрагасы Н.Эсеналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын 2015-жылдын ичинде алгылуктуу иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. ”Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын 2016-жылга карата түзүлгөн бюджети
Киреше бөлүгү 815075,00 сом
Чыгаша бөлүгү 815075,00 сом өлчөмүндө бекитилсин
3. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 14-пунктуна ылайык калкты таза суу менен камсыз кылып кызмат көрсөтүүдөгү баалары
1. Ар бир жанга - 13 сом
2. Суу киргизилген үйлөрдө жан башына - 18 сом
3. Жеке турак жайга тузу суу түтүгүн киргизүү үчүн бир жолку төлөгүүчү акы (уруксат алуу) - 4000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Калкты таза суу менен камсыз кылып кызмат көрсөтүүдөгү бааларын Кыргыз Республикасынын антимонополия агенттинин каттоосунан өткөрүү жагы ”Мүрөк-Булак –Датка” ИСКАКБсынын төрагасы Н.Эсеналиевге милдеттендирилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктууу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага: | Н. Керимкулов |