Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 21-сессиясы
2015-жылдын 23-апрели № 179
Салам-Алик айыл аймагындагы Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ремонт жасоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл аймагындагы Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин жамаатынын жана ата-энелеринин 2015-жылдын 20-мартындагы жалпы элдик чогулушунун жана дем берүүчү (үлүштүк гранттын) жобосунун негизинде, жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 21-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин бекитилген билим берүү разделинен бөлүнгөн акча каражатынын ичинен Салам-Алик айыл аймагындагы Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин дем берүүчү грант аркылуу мектептин жылытуу системасын электр энергиядан көмүргө өткөрүп, толук капитадык ремонттон өткөрүүгө 1 481 419-00 (бир миллион төрт жүз сексен бир миң төрт жүз он тогуз ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы сарпталуучу акча каражатын тиешелүү статьясынын негизинде бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Инашовко жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |