Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 21-сессиясы
2015-жылдын 23-апрели № 180
Салам-Алик айыл аймагынын Салам-Алик айылындагы Р.Сатыбалды уулу атындагы мектептин тушуна дамба куруу үчүн ПРООН уюмунан келип түшкөн акча каражатына план бекитүү жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл аймагынын Салам-Алик айылындагы Р.Сатыбалды уулу атындагы мектептин тушуна дамба куруу үчүн ПРООН уюмунан келип түшкөн акча каражатына план бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматына ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 19-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл аймагынын Салам-Алик айылындагы Р.Сатыбалды уулу атындагы мектептин тушуна дамба куруу үчүн ПРООН уюмунан келип түшкөн 610,0 (алты жүз он миң ) сом акча каражатына план бекитилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |