Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 21-сессиясы
2015-жылдын 23-апрели № 181
Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Чарба ИСКААКБ таза суу бирикмеси “Өзгөн аймактык Таза Суу” муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 1-5-беренелерине ылайык жана Кызыл-Чарба айылындагы жашаган тургундарды таза суу менен камсыз кылуу максатында Салам-Алик айыл кеңешинин 5-шайланган кезексиз 21-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Чарба ИСКААКБ таза суу бирикмеси “Өзгөн аймактык Таза Суу” муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдыразаковко жана Кызыл-Чарба айылынын айыл башчысы Н.Рахманбердиевке жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |