Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 21-сессиясы
2015-жылдын 23-апрели № 182
Айыл өкмөтүнүн чарбалык иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 21-сессиясы депутаттардын макулдугунун негизинде төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Терек орто мектебинин шиферлерин алмаштырууга проектисине ылайык 20,0 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл-Чарба маданият үйүнө маданият кызматкерлерине эмгек акы үчүн 58000-00 (элүү сегиз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн борбордук бухгалтериясына 1С программасын киргизүү үчүн 44,0 (кырк төрт миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин бюджет, финансы,экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |