Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 21-сессиясы
2015-жылдын 29-апрели № 183
Салам-Алик айыл аймагынын конкурстук комиссиясынын 28-апрель 2015-жылдагы № 1 протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Салам-Алик айыл аймагынын деңгээлинде АРИСтин «Айылды инвестициялоо-3» долбоорунун алкагында түзүлгөн конкурстук комиссиясынын 2015-жылдын 28-апрелиндеги № 1 протоколун бекитүү жөнүндөгү комиссиянын төрагасы Чыбышев Токтогулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 22-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл аймагынын деңгээлинде АРИСтин «Айылды инвестициялоо-3» долбоорунун алкагында түзүлгөн конкурстук комиссиянын 2015-жылдын 28-апрелиндеги № 1 протоколу бекитилсин.
2. «Кош-Этер айылында спорт зал куруу» долбоору АРИСтин «Айылды инвестициялоо-3» долбооруна сунушталсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Т.К.Абдыразаковко милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |