Редакцияот 12.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жергилитүү депутаттарынын ХХVI чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясы

 

2016-жылдын 12-февралы № 44

Муниципалдык кызматчыларга кошумча акы төлөө жөнүндө

Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинде каралган, муниципалдык кызматчыларды майрам жана дем алыш күндөрү ишке тартылгандыгына байланыштуу үстөк акы (конпенсация) төлөп берүү жөнүндөгү маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин, КРнын “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесине жана КРнын Өкмөтүнүн 28.06.2013-жылдагы №383 токтомуна ылайык Тамчы айыл Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына майрам жана дем алыш күндөрү ишке тартылгандыгына байланыштуу эмгек акыларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30% үстөк акы төлөп берүү айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө тапшырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тамчы айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Н. Иманалиев