Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жергилитүү депутаттарынын ХХVI чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 51
Өзгөчө кырдаал боюнча иш-чараны каржылоо жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Ысык-Көл раймамадминистрациясынын 08.02.2016-жылдагы Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы пландаштырган иш-чараларына сарпталуучу каражатты бөлүү жөнүндөгү №1/1-179 билдирүүсүн депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин 2016-жыл ичинде Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан белгиленген иш-чараларына сарпталуучу каражатты жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10,0 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
2. Айыл Өкмөтүнө, 2016-жылы белгиленген Өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-чараларга даярдык көрүү жана КРнын “Жарандык коргонуу жөнүндөгү” Мыйзамынын 10-беренесиндеги милдеттерин аткаруу тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышы Айыл Өкмөтүнүн кызматкерлерине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин турукту комисиясына тапшырылсын.
Тамчы айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев |