Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2016-жылдын 20-январы № 3
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки”участкасына айыл статусун берүү жөнүндө.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы №137 токтомуна ылайык жана “Чукур-Аксеки”айылында 350дөн ашык түтүн 2100 дөн ашык калктын санын эске алып, күн тартибиндеги маселени боюнча талкуулап, Чаек айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жагы Жумгал райондук кошмо жыйындан суралсын.
2. “Чукур-Аксеки” айылынын чеги. Чыгышынан Чет-Куугандынын суусу. Батышынан Б.Бабаев көчөсүнүн асты үстү. Түштүгү М.Рыскулов көчөсүнүн башы мечиттин жаны. Түндүгү Саздын башына чейин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы: |
А.Ж Бөдөнбеков
|