Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2016-жылдын 20-январы № 2
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин өздүк каражатындагы калдык акча каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин өздүк каражатындагы 71047 (жетимиш бир миң кырк жети) сом калдык акча каражатынын чыгымдалышын бекитүү боюнча,
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн аппаратынын өздүк каражатынан калдык калган 38127, 16 (отуз сегиз миң бир жүз жыйырма жети) сом 16 тыйын күйүүчү май алууга берилсин.
2. Чаек айыл өкмөтүнүн балдар бакчасынан өздүк каражатынан калдык калган 25420 (жыйырма беш миң төрт жүз жыйырма) сом балдар бакчасына тамак-аш сатып алууга берилсин.
3. Чаек айыл өкмөтүнүн балдар үйүнүн өздүк каражатынан калдык калган 7500 (жети миң беш жүз) сом балдар үйүнүн балдарына тамак-аш алганга берилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Kыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы: |
А.Ж Бөдөнбеков
|