Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 22-сессиясы
2015-жылдын 29-апрели № 184
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга проектисин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга бюджетинин проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Салам-Алик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга сунушталган болжолдуу көрсөткүчтөрү 2016-жылга -10835,3 миң сомго, 2017-жылга -12355,6 миң. cомго жана 2018-жылга-12970,3 миң. сомго бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принсиптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду аткаруу мезгилинде сунушталган өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнө 2015-17-2018-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы.социалдык фондко чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүү), коммуналдык кызматтар (элктр энергия.көмүр.суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
4. Айыл өкмөтүнө тендөөчү гранттарды биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын. Кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашалар толук каржылоо үчүн айыл өкмөтү жоопкерчилигин алышат.
5. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүү субьектилер жана айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республиеасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
6. Кызына системасы четтеп өттүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттинин кирешесине алынсын.
7. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2016-2017-2018-жылдардын 1-январына карата 500,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |