Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 22-сессиясы
2015-жылдын 29-апрели № 185
Салам-Алик айыл өкмөтүнө 2015-жылга мамлекеттик сатып алуулар боюнча депозиттик счет ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнө 2015-жылга мамлекеттик сатып алуулар боюнча депозиттик счет ачуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы, башкы бухгалтер К.Нуралиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 22-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтү 2015-жылга мамлекеттик сатып алуулар боюнча тамак-ашка, көмүргө жана учурдагы ремонт иштери үчүн Өзгөн райондук казына бөлүмү аркылуу депозиттик счет ачылсын.
2. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы, башкы бухгалтер К.Нуралиевага тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |