Редакцияот 29.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 22-сессиясы

 

2015-жылдын 29-апрели № 186

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Терек орто мектебинин чатырын алмаштырып, үстүн жабууга акча каражатын бөлүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Ак-Терек айыл тургндарынын жана Ак-Терек орто мектебинин жамаатынын 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 3-1 токтомуна ылайык жана депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 22-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Терек айылындагы Ак-Терек орто мектебинин чатырын алмаштырып, үстүн жабууга айыл өкмөтүнүн салымы катары жалпы долбоордун наркынын 20%ын же 489 667(төрт жүз сексен тогуз миң алты жүз алтымыш жети ) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

2. Жогорудагы сарпталуучу акча каражатын бөлүп берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссияына тапшырылсын.

 

Салам-Алик айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Таштемиров