Редакцияот 17.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КѲК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кѳк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XV сессиясы

 

2016-жылдын 17-июлу № 16/5

Кз зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү административдик аймагына” жер салыгын жана мүлк салыгын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008- жылдагы № 231 Мыйзамын аткаруу менен Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин коэффицентин бекитүү жөнүндө Көк-Жар айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын 1-январынан Көк-Жар айыл өкмөтүнүн “Жергиликтүү административдик аймагына” төмөндөгү салыктын түрлөрүнө киргизилсин.

- Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы:

- Мүлк салыгын 1,2.3,4 топтогу обьектилерин:

 - Кз зоналык коэффициентин өлчөмү 1 өлчөмүндө бекитилсин:

2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин:

- Жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу обьектилерине КР Салык кодексинин талаптарына ылайык Кз зоналык коэффициентти эске алуу менен жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун мамлекеттик нормативдүү-укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.

2016-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.

Бул токтомдун аткарылышына жана көзөмөлгө алуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Кадыракунов