Загрузка документа…
КѲК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кѳк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XVI сессиясы
2016-жылдын 17-июлу № 16/7
Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Жарандык абалдын актыларын жүргүзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жана 11-март 2014-жылдагы № 124 токтомунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Жарандык Абалдын актыларын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде типтүү келишимин бекитүү жөнүндөгү өтунүчүн угуп жана талкуулап Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жана 11-март 2014-жылдагы № 124 токтому жергиликтүү өз аддынча башкаруу органдарына Жарандык абалдын актыларын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнундөгү токтомунун негизинде типтүү келишим бекитилсин.
2. Көк-Жар айыл өкмөтундө кызмат ордунун келишимин, штат бирдигинин акча каражаты мөөнөтүнөн кечиктирилбей жана ар кандай материалдык жана командировкалык чыгымдарды өз убагында төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын каттоо Департаментинен суралсын.
Төрага | А. Кадыракунов |