Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXXII сессиясы
2016-жылдын 8-августу № 32/2
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жонүндөгү типтүү келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жана Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн типтүү келишимди бекитүү максатында Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жана Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн типтүү келишим бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Т.И. Курткаев |