Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 25-сессиясы
2015-жылдын 12-октябры № 190
Билим берүүчү мектептерде 2014-2015-окуу жылдарында окуу жылынын жыйынтыгы, ремонт иштеринин аякташы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө туруктуу комиссиянын төрайымы Б.Калмурзаеванын билдирүүсү
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Б.Калмурзаеванын маалыматын угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 25-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүүчү мектептерде 2014-2015-окуу жылдары үчүн мектептердин ремонт иштери, билим сапаты, окуу жылынын жыйынтыктоо, жаш мугалим кадрлар менен иш алып баруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндөгү Салам-Алик айыл кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Б.Калмурзаеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |