Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI cессиясы
2016-жылдын 13-июну № 2
Бир статьядан экинчи статьяга которуу жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчисинин 2016-жылдын 11-майындагы № 01-16/218 буйругунун негизинде Кашка-Суу айылдык аймагын 2014-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы маселелери боюнча аудиттин жыйынтыгынын негизинде максатсыз чыгымдалган акча каражатын 2016-жылдын жергиликтүү бюджеттинен өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылдык аймагынын 2016-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин аппарат бөлүмүнүн 22154900 статьясынан 598000 сом, 22221200 статьясынан 35000 сом кыскартылып, 31113320 статьясына 598000 сом, 31123290 статьясына 35000 сом кошулсун. Билим берүү бөлүмүнүн 22221200 статьясынан 3000 сом кыскартылып, 31123290 статьясына 3000 сом кошулсун.
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айыл аймактык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н.Маматаипов |