Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI cессиясы
2016-жылдын 13-июну № 3
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2016-жылдын жергиликтүү бюджеттине өзгөртүү жана толуктолорду киргизүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылдык аймагынындагы айылдарга Кайди алтын ылгоочу комбинатынын техникалары көчөлөргө шагыл төшөө үчүн күйүүчү майына 31113290 статьясынан кыскартылып, 22221200 статьясына 780 000 сом акча каражаты 2016-жылдын жергиликтүү бюджеттинен бөлүнүп берилсин.
2. Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу каналдарын оңдоо иштерине 31113290 статьясынан кыскартылып, 22221200 статьясына 350 000 сом акча каражаты 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн менчигинде турган эксковаторду иштетүү үчүн бир айдоочу жардамчысы менен сезондук мезгилге төрт айга, айлык маяна айдоочусуна айына 20 000 сом, жардамчысына айына 15 000 сом, жалпы 140000 сом эмгек акысына, соц фондко чегерүүгө 24150 сом, 31113290 статьясынан кыскартылып каралсын.
4. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн менчигинде турган экскаваторго учурдагы керектелүүчү тетиктерине 31113290 статьясынан кыскартылып, 22141200 статьясына 100 000 сом акча каражаты 2016-жылдын жергиликтүү бюджеттинен бөлүнүп берилсин.
5. Жайылма айылынын көчөлөрүнө труба коюу үчүн 40000 сом 31113290 статьясынан кыскартылып каралсын.
6. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н.Маматаипов |