Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI cессиясы
2016-жылдын 13-июну № 5
Салык төлөмүн кыскартуу жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун айыл аймагындагы жарандардын үлүш жерлерин тапшыргандыгына жана “Кыргызстан –Кытай магистраллдык газ түтүгүнүн” үлүш жерлеринен өткөндүгүнө байланыштуу 2016-жылга бекитилген салык төлөмдөрүнүн планынан 40 (кырк) миң сом акча каражатын кыскартуу жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы айрым жарандардын үлүш жерлерин тапшыргандыгына жана “Кыргызстан –Кытай магистралдык газ түтүгүнүн” үлүш жерлеринен өткөндүгүнө байланыштуу 2016-жылга бекитилген салык төлөмдөрүнүн планынан 40 (кырк) миң сом акча каражаты кыскартылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет,салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н.Маматаипов |