ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2013-жылдын 25-апрели № 1
Айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актылары жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттонун тартиби жөнүндө» Типтүү жобонун 6-пунктуна ылайк, Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Сары-Ой айыл Аймагындагы калктын санынын көпчүлүк түзүмү мамлекеттик тилде жакшы билдегендигине байланыштуу, айылдык Кеңешинин ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Ушул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан укуктук-нормативдик актыларына реестрине киргизүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Исанаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Депутаттык иш, этика, мыйзамдуулук, укук корго жердик тарбия, спорт жана жаштар маселеси боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсы.
Төрага | У. Абдырахманов |