Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 23-сессиясы
2016-жылдын 15-июну № 133
Айыл өкмөтүнүн калкты социалдык тейлөөнүн жүрүшү андагы маданият, байланыш бөлүмдөрүнүн аткарып жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл аймагынындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн жүрүшү маданият, байланыш бөлүмүнүн аткарган иштерин жана алдыдагы милдеттери жөнүндөгү маселелерди угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин 5-шайланган 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айылдык Кеңештин аймагындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн абалы жана андан ары жакшыртуу жөнүндөгү туруктуу комиссиянын берген билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Каралып жактан маселе боюнча Кызыл-Тоо маданият үйүнүн аткарып жаткан иштеринин кемчилдиктери эске алынсын.
3. Айтылган кемчилдиктерди 1-июлга чейин аткаруу жагы маданият үйүнүн башчысы Алибековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин төрайымы |
А. Бакирова |
| 2016-жыл |
Урматтуу депутаттар күн тартиби маек боюнча социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы мен Полотбекова Бурмачач билдирүү берем.
Айыл өкмөтү боюнча 1 китепкана,1 маданият үйү жок 1 байланыш бөлүмү бар.
Биз булардын элге кызмат көрсөтүүсүн карап иш пландары менен таанышып чыктык.
Китепкана боюнча айтып кетсем 2016-жыл өзүңүздөргө белгилүү Президентибиз А.Атамбаев «Тарых жана маданият» жылы деп жарыяланган.
Ушул жарыяга ылайык китепканада жакшы иштер жасаптыр.
Китепкана ички ремонту жасалган таза, гүлдөр өстүрүлгөн, китептери эски болсо дагы орду менен тизилген китеп койгон текчеси краскаланган .
Окурмандар келип китеп окушат ичинде китеп окусан да болот. Сырткы чөйрөсү таза ремонтко каражат III- кварталда каралган экен. Бирок эшик алды шыпырылган,чөптөр отолгон, гүлдөр эгилген 2016-жылга иш планы бар.
Маданият үйү боюнча
Маданият үйүнө барсак эшигин көрүп төрүнө өт дейт.
Эшик алды таза эмес.Имарат акталбаган чөптөрү отолбогон. Ички ремонту бар 2016-жылга иш планы бар.
Тарых жана маданият жылына карата иш аткарган эмес.Кружоктор уюштуруп койсо болмок. Ремонттолгон бөлмөнү чан басып жатат. Иретсиз маданият үйү деген имарат, башка имаратка окшоп турат.
Маданият үйүнүн башчысына айтып кетет элем бир ганан 8-мартта аялдардын эл аралык күнүнө гана майрам уюштурганы үчүн ошону эске алдым.
Бул кызматкерге убактылуу эскертүү берем деп суранып кетем,Өзү уялып жатат.Сырткы чөйрөсү иретке келтирсин. Маданият үйүнө ажааткана курууг керек экен. Сен деле гүлдөрдү эгип койсоң болсок.
Байланыш бөлүмү.
Байланыш бөлүмүнүнү башчысы өзү иш орундары жок,жардамчысы бар экен .
Буларга башка жерден почтага имарат берет экен.Маданият үйүндө жайгашкандыктан өзүмө тиешелүү жерлер таза экен ,ичи 1 бөлмө таза өздөрүү талабына ылайыкташырып алыптыр.
Газеталарды өз убагында таркатуу керек экен, жыйылып кетиптир.Аны сатыка келген газеталар деп айтты.
Пенсия, пособиялардын таркатылышы боюнча арыздар жок экен. Иш планы жок иштөө күн тартиби илинип турат.
Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү төрт депутат билдирүүнү даярдадык сөзүмдү аяктаймын.