Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 23-сессиясы
2016-жылдын 15-июну № 134
Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Кыя участкасынан мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана суу чыгарып көп жылдык бак дарактарды өстүрүүгө жер участок бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылынын жашоочусу Кадыркулов Жаанбайдын арызынын негизинде айыл чарбасына пайдаланууга жараксыз бош жаткан жайыт эсебиндеги мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана суу чыгарып көп жылдык бак-дарак эгип жашылдандыруу максатында Айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя участкасынан жер участкасына болгон арызды угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 5 шайланган 23 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылынын жашоочусу Кадыркулов Жаанбайга мал чарбачылыгын жана суу чыгарып көп жылдык бак-дарак өсүмдүктөрүн эгип көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатындакөп жылдык мөөнөт менен Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылынын жайытка караштуу айыл чарбасына пайдаланылбай жаткан жерден жайыт участкасынын жерге жайгаштыруу боюнча мыйзам талаптарына ылайык сарай салууга 0,15 га жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду мыйзамдаштыруу жагы Өзгөн райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу башкармалыгынан суралсын.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин төрайымы |
А. Бакирова |