Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 23-сессиясы
2016-жылдын 15-июну № 135
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы Карчабек айылындагы көчөгө Кушбаков Токонун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 5 шайланган 23 сессиясын угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Карчабек айылынын 2016-жылдын 15-июнундагы элдик жыйындын токтому бекитилсин.(токтом тиркелет)
2. Эмгектин ардагери Кушбаков Токонун наамы Карчабек айылындагы көчөгө ыйгарылсын.
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин төрайымы |
А. Бакирова |
Кызыл-Тоо айылы 10.06. 2016ж
Чогулушка катышкан адам саны- 25
Чогулуштун төрагасы: Мырзакматов Э
Катчысы: Акматалиев Ж
Күн тартибиндеги маселе;
- Кызыл-Тоо айылындагы Карчабек айылына Кушбаков Токонун ысымын ыйгаруу жөнүндө.
Угулду: Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Карчабек айылынын айыл башчысы Мырзакматов Эсенбек чыгып сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду.
Урматтуу Кызыл-Тоо участкасынын тургундары Кызыл-Тоо айылы боюнча бардык жердин көчөлөрүнө ат коюлуп бүттү. Бир гана жаны кочого көчөсүнө ат коюла элек.
Бул көчөгөКушбаков Токонун ысымын коюу боюнча өзүнүн арызын жазып Айыл өкмөткө кайрылган.
Кушбаков Токо өзүнүн мезгилинде элге таанымал киши болгон.Коомдук иштерге активдүү катышкан. Көп жылдар совхоздо алдынкы жумушчу болу кайан почтолен болуп эмгектенген.
Андан кийин жарыш сөзгө: Кызыл-Тоо участкасынын тургуну Ашыралиева Гулмира чыгып сүйлөп төмөндөгүлөрдү белгиледи. Урматтуу туугандар:
Биз Кушбаков Токону өз убагында жакшы тааныганбыз.
Ушул көчөгө Кушбаков Токонун атын койсок туура болот.Себеби бул киши өзүнүн мезгилинде элге кадыры синген жана кадыр барктуу адам болгон.
Совхоздо жугөрү звеновой болуп эмгектенип алдынкы орундарды бербей иштеп келген.
Кийинки мезгилдерде почта бөлүмүндө иштеген.Азыркы мезгилде уул кыздары кызматтарда иштеп элге кызмат кылып келе жатат.
Азыркы учурда уулу таза суу боюнча инвесторлорду алып келип туулган айлын таза суу менен камсыз кылыа отурат.
Жубайы Мырзаева Бакен эже айылда аялдар Кенешинин төрайамы болуп аялдар кыз-келиндер арасында кадыр баркка ээ.
Жогорудагы сөздөргө: Кучкачев Г. Жумабаева Н Алибеков А бир добуштан колдошуп макул болушту.
Карчабек айылынын жалпы элдик жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тоо айылынын Сасык участкасынын көчөсүнө Кушбаков Токонун ысымы ыйгарылсын
Кушбаков Токонун атындагы көчөнү бекитип берүү жагы Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинен суралсын.
Чогулуштун төрагасы | Мырзакматов Э. |