Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 23-сессиясы
2016-жылдын 15-июну № 136
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Тоо айылынын Сасык участкасындагы көчөгө Асранов Тайтокурдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 5 шайланган 23 сессиясын угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Сасык участкасынын 2016-жылдын 10-июнундагы элдик жыйындын токтому бекитилсин.(токтом тиркелет)
2. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Кызыл-Тоо айылынын Сасык участкасындагы көчөгө Асранов Тайтокурдун ысымы ыйгарылсын.
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин төрайымы |
А. Бакирова |
Кызыл-Тоо айылы 10.06.2016
Чогулушка катышкан адам саны-35
Чогулуштун төрагасы: Токтогулов. Э
Катчысы: Акматалиев Ж
1. Кызыл-Тоо айылындагы Сасык участкасына Асранов Тайтокурдун ысымын ыйгаруу жөнүндө.
Угулду: Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Кызыл-Тоо айылынын айыл башчысы Токтогулов Эмилбек чыгып сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду.
Урматтуу Кызыл-Тоо участкасынын тургундары Кызыл-Тоо айылы боюнча бардык жердин көчөлөрүнө ат коюлуп бүттү. Бир гана жаны кочого көчөсүнө ат коюла элек.Бул көчөгө Асранов Тайтокурдун ысымын коюу боюнча уулу Асранов Нурбай өзүнүн арызын жазып Айыл өкмөткө кайрылган.
Асранов Тайтокур өзүнүн мезгилинде элге таанымал киши болгон.Коомдук иштерге активдүү катышкан.
Өзүнөн чонго ызат көрсөткөн,кичүүлөргө акыл насаат айткан адам болгон. Мал чарбасында веет.санитар болуп эмгектенип өмүрүнүн аз убактысында элге көп эмгектерди жасап кеткен.
Андан кийин жарыш сөзгө: Кызыл-Тоо айлынын тургуну Турдумаматова Д чыгып сүйлөп төмөндөгүлөрдү белгиледи.
Урматтуу туугандар: Биз Асранов Тайтокурду өз убагында жакшы тааныганбыз.
Ушул көчөгө Асранов Тайтокурдун атын койсок туура болот.Себеби бул киши өзүнүн мезгилинде элге кадыры синген жана кадыр барктуу адам болгон.
Азыркы мезгилде уул кыздары кызматтарда иштеп элгекызмат кылып келе жатат.
Азыркы мезгилде Кызыл-Тоо айылы учун жаны уюшулуп жаткан көчөгө 3 км аралыгына шагыл төгүп берди.
Келечекте электр подстанция коюп берүүнү суранып жатабыз.
Жогорудагы сөздөргө: Турдумаматова Д. Жумабаев Б .Уметалиев С бир добуштан колдошуп макул болошту.
Сасык участкасындагы жалпы элдик жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тоо айылынын Сасык участкасынын көчөсүнө Асранов Тайтокурдун ысымы ыйгарылсын
3. Асранов Тайтокурдун атындагы көчөнү бекитип берүү жагы Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинен суралсын.
Чогулуштун төрагасы | Мырзакматов Э. |
Катчысы: | Акматалиев Ж. |