Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2016-жылдын 27-январы № 27/3
Семиз-Бел айыл аймагындагы жер участокторунун пайдаланышы жана бөлүнүшү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы жер участокторунун пайдаланышы жана бөлүнүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Сыдыгалиевдин жана туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Исаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы жер участокторунун пайдаланышы жана бөлүнүшү жөнүндөгү маалымат эске алынсын.
2. Жаңы айылдагы мыйзамсыз тосуп алган жерлерди жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен тартиптештирүү 3(үч) айлык мөөнөт менен аткаруу жер адиси С.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
3. Өздөштүрүүгө жана короо сарай салууга берилген жерлер өз максатына пайдаланылбай, келишимдин мөөнөтү өтүп кеткен жерлерди, айыл өкмөтүнө кайтарып алуу боюнча тейшелүү мамлекеттик мекемелер менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жер реформасы боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М.Букамбаев |