Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2016-жылдын 27-январы № 27/4
Жер аянтынын максатуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Орто жана чакан бизнести колдоо боюнча мамлекеттик программаларды жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 232-2, 233-4 беренелерин жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине, 12-беренесинин 2-пунктуна, “ПрофиЛаб” ЖЧКнун 19.03.2014-жылдагы электромагниттик нурлардын чагылдыруусун өлчөө боюнча №160 протоколуна, Кочкор районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 19.02.2016-жылдагы № 01-3-34, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгынын 26.02.2016-жылдагы № 17-в/о корутундуларына негизинденип, Кара-Тоо айылынын тургундарын сапаттуу уюлдук байланышы менен камсыз кылуу максатында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46-беренесине ылайык ,Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн, Кара-Тоо айылынын, Токтогул н/ж көчөсүндө жайгашкан «Терра Компани» ЖЧКнун жеке менчигиндеги 100,0м 2 жер аянтынын максаттык пайдалануу багыты: «уюлдук байланыш түйүнүнүн базалык станциясын орнотуу үчүн» - деген максаттык багытына өзгөртүлсүн ( байланыш жери).
2. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн, Кара-Тоо айылынын, Токтогул н/ж көчөсүндө жайгашкан уюлдук байланыш түйүнүнүн базалык стациясын иштетүүгө уруксат берилсин.
3. «Терра Компани» ЖЧКнун жеке менчигинде турган жер аянтын түздөн-түз максаттык багытына карата ылайыктап пайдалануу, жер салыгын өз убагында төлөө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы «Терра Компани» ЖЧКна милдеттендирилсин.
4. Кочкор райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан токтомду каттодон өткөрүп алуу жагы «Терра Компани» ЖЧКна жүктөлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Букамбаев |