Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5-шайланган кезектеги 25-заседаниеси
2016-жылдын 17-февралы № 25/2
Жаны-Алай айыл кеңешинин пландоо, бюджет, социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча депутаттардын туруктуу комитети жана айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2014-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин бекитүү, 2015-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин жактыруу жөнүндө
Жаны-Алай айылдык кеңешинин пландоо, бюджет, социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча депутаттардын туруктуу комитети жана айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2014-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин бекитүү, 2015-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин жактыруу үчүн Жаны-Алай айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 4157,5 мин сомго, бюджетинин чыгаша бөлүгү 4138,6 мин сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 4371,9 мин сомго, бюджетинин чыгаша бөлүгү 4290,5 мин сомго аткарылгандыгы жактырылсын.
3. Айыл өкмөттүн башчысы А.Исмаиловдун 2014-2015-жылдардагы жергиликтуу бюджеттин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылгандыгы тууралуу жасаган доклады канааттандырарлык деп табылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кенештин пландоо жана бюджет социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилип, атк аткаруу жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык кеӊешинин төрагасы |
З.Эрматов |