Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5-шайланган кезектеги 25-заседаниеси
2016-жылдын 17-февралы № 25/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган салыктардын жана кирешелердин 2015-жылда көп топтолуп, жана иштетилбей калган 99,1 миң сомду кредитордук карыздарга жана 2016 – жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө бердиртүү жагын белгилөө жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган салыктардын жана кирешелердин 2015-жылда көп топтолуп, жана иштетилбей калган 99,1 миң сомду кредитордук карыздарга жана 2016 - жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө бердиртүү жагы белгиленип, Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезектеги заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. 2016-жылдын башына калган 99,1 миң сом калдык бөлүмдөрдүн чыгаша статьяларынын планына токтоо киргизилип чыгымдалсын:
Бөлүм (раздел) | Статья | Сумма |
Аппарат 70111 | Сапар чыгымына 2211 | 46,0 |
Клуб 708 | Башка тейлөө кызматтарына төлөөгө байланышкан чыгымдар 2215 | 14,0 |
Библиотека 708 | Башка тейлөө кызматтарына төлөөгө байланышкан чыгымдар 2215 | 11,2 |
Бала бакча 709 | Сапар чыгымы 2211 | 1,2 |
Башка тейлөө кызматтарына төлөөгө байланышкан чыгымдар 2215 | 15,7 | |
Тамак азыктарын алуу 2218 | 9,3 | |
Итого: | 26,2 | |
Орто мектеп 709 | Сапар чыгымы 2211 | 1,7 |
Бардыгы: | 99,1 |
II. Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдын I- кварталы менен 99,1 миң сомду бөлүмдөрдүн статьяларынын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
III. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландоо жана бюджет социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн, аткаруу айыл өкмөттүн К.Э.Б. башчысы Н.Нуридиновго милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеӊешинин төрагасы |
З.Эрматов |