Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5-шайланган кезектеги 25-заседаниеси
2016-жылдын 17-февралы № 25/2
СООППВ “Кымыз-Булак” ишканасынын жетекчиси Мамытов Маматтын таза сууга болгон тарифтик төлөмдөрдү бекитүү жөнүндөгү сунушу боюнча
СООППВ “Кымыз-Булак” ишканасынын жетекчиси Мамытов Маматтын таза сууга болгон тарифтик төлөмдөрдү бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык Кенешинин 5 - шайланган кезектеги 25 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Алай айылында таза-сууга болгон төлөмдөр төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин:
- Үйүндө суу түтүкчөсүн иштеткендер 1жылда 1600сом
- Көчөдөгү суу түтүктөн ташып ичкендер 1жылда 600 сом
- Комерциялык ишканалар 1м3 30 сом
- суу түтүкчөсүнөн там арка жериндеги бактарды сугаргандар Шевелеванын таблицасын негизинде литр куб. менен эсептелип,төлөнсүн.
2. Таза-суу кампанын үстүндө жайгашкан кожолуктарга менчик суу түтүкчөсүн чыгарууга тыюу салынсын.
3. Суу түтүкчөсүн короосунун ичинен чыгарууга уруксат алгандар 10 000сом СООППВ «Кымыз-Булак» эсеп счетуна төксүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу СООППВ «Кымыз-Булак» жетекчиси М.Мамытовго жүктөлсүн,көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдетендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеӊешинин төрагасы |
З.Эрматов |