Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айылдык кеңешинин кезектеги 20-сессиясы (5 шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 11-февралы № 21/1
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн айыр чарба багытындагы жерлерден алынуучу салыктын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин 377-статьясынын 6-пунктунун жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесин 4-пунктунун негизинде Ой-Тал айыл Өкмөтүнүн салык боюнча адиси С.Абдикеримовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ой-Тал айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ой-Тал айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба багытындагы жерлеринен алынуучу салыктын төлөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
А ) 1 гектар сугат жер учун - 60 сом
1 гектар кайрак айдоо - 50 сом
1 гектар чоп орунду - 177 сом
2. Ой-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлеринен алынуучу салыктын өлчөмү жаны бекитилген өлчөмдө 2016-жылдын 1- апрелинен баштап алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Осмоновго жана тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык Кенешинин социалдык маданий, билим беруу, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык –экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ой-Тал айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Орунбеков |