БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2012-жылдын 24-декабры № 1/2
Бирлик айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 37-беренесинин, айылдык кеңешинин регламентинин талаптарынын негизинде айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгына таянып, Бирлик айыл округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округдук Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Анаркулов Алтымышбай Көзубаевич Бирлик айылдык Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарынын негизинде жаны шайланган айылдык Кеңештин төрагасына өз милдеттерин аткаруу жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Анаркулов |