Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2013-жылдын 17-январы № 2/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген калктуу конуштагы жер участкаларын берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобого негиз комиссия курамын түзүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени терең карап жана талкуулап, Бирлик айыл Өкмөтүндөгү жаңыдан куруулуучу калктуу конуштарынын жерлерин пландаштырууда жер участкаларын бөлүп берүү талаш-тартыш маселелерин чечуу, жерлерге аукцион уюштуруу жана сатуу, мыйзамдаштыруу үчүн жер комиссиясынын курамын бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген калктуу конуштагы жер участкаларын берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобого негиз комиссия курамы түзүлсүн:
1. Базарбаев З-Бирлик айылдык кеңешинин депутаты, жер комиссиясынын төрагасы.
2. Жакипов А-Бирлик айыл Өкмөтүнүн башчысы,жер комиссиясынын тең төрагасы
МҮЧӨЛӨРҮ:
3. Жапаров З-Кадамжай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын өкүлү,
4. Халматов Ж-Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлкко укукту каттоо башкармалыгынын өкүлү,
5. Жороев А-Бирлик айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси,
6. Каримов И-айылдык кенештин депутаты,
7. Эргешов К-айылдык кенештин депутаты,аксакалдар соту,
8. Нишанов К-айыл башчы,
9. Карабаев А-айыл башчы.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Анаркулов |