Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2013-жылдын 17-январы № 2/3
КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз жер маселелери боюнча комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени терен карап жана талкуулап, жер маселеси боюнча жер комиссиясынын курамын түзүү үчүн Бирлик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз жер маселелери боюнча төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:
КУРАМЫ:
1.Базарбаев З - жер комиссиясынын төрагасы.
МҮЧӨЛӨРҮ:
2.Каримов И-айылдык кенештин депутаты,
3.Имаркулов Г-айылдык кенештин депутаты,
4.Бекжанов Б-айылдык кенештин депутаты,
5.Жакипов А-Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы,
6.Жороев А-жер адиси,
7.Карабаев А-айыл башчы,
8.Нишанов К-айыл башчы,
9.Н.Иметов-бухгалтер.
2. Жобого негиз райондук агрардык онүктүрүү башкармалыгынын өкүлү жана райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктуу каттоо башкармалыгынын өкулу байкоочу катары катышсын.
3. Жер комиссиясынын катчылыгына айыл өкмөтүнүн катчысы дайындалсын.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Анаркулов |