Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын үчүнчү сессиясы
2013-жылдын 14-марты № 3/2
Бирлик айыл Өкмөтүндөгү айыл чарба багытында болбогон жерлердин зоналык коэфиценттин бекитүү жөнүндө
Бирлик айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын өзүн-өзү башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү 2012-жылдын 13-июнундагы №106 мыйзамына негиз жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин талаптарына ылайык жогорудагы маселени айылдык Кеңеш талкуулап, сунуштарды эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин №337-беренесине негизинде эсептелген Бирлик айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлердин Жер салыгынын расчёттору 290048 сом менен бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин №339-беренесинин 4-пуктуна ылайык айыл чарба багытында болбогон жерлердин аймактык коэффиценти(К3)1,0 менен бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин № 338-беренесине ылайык таштанды салыгы ар бир кожолук үчүн 30 сом эсебинде өндүрүлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Анаркулов |